“Байсалов “хайп” менен бийликке келсе, баарын өзүндөй көрбөсүн”, – Чолпон Жакупова

«Адилет» Укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жооп берди.

 Эскерте кетсек, кечээ, 15-октябрда Эдил Байсалов форумда бийликтин бейөкмөт уюмдар менен мамилеси жана кызматташтыгы тууралуу айткандары боюнча билдирүү жасады.

16-ноябрда жарыяланган билдирүүдө Байсаловдун “жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкер катары айткан сөздөрү кооптонуу жаратып жатканы”, анын “кесиптик компетенциясынын төмөндүгү”, “объективдүү маалыматты таптакыр билбей турганы” белгиленди.

Жарандык коом өкүлдөрү жаңы Баш мыйзамды жазган конституциялык кеңешменин курамында иштегенин, 350дөн ашуун негизги мыйзам анализделип жаткан инвентаризация ишине активдүү катышып жатканын, алар бийлик үчүн аналитикалык документтерди иштеп чыгуу боюнча жогорку квалификациялуу изилдөөлөрдү дайыма уюштуруп турушарын белгилеген клиника Байсалов “чындыкка дал келбеген маалымат таратып”, “кызматтык этиканы жана моралдык-нравалык жүрүм-турум нормаларын бузуп жатканын” кошумчалады.

Ошону менен катар “Адилет” Байсалов менен 2007-жылы (шайлоо бюллетенинин сүрөтү Интернетке жарыяланып, мамлекетке 11 миллион сомдук зыян келтирилгени айтылган) жана 2017-жылы (тынчтык маршындагы чагым) иштешип, жардам берген тажрыйбасын да эске салды.

“Эгерде Эдил Байсалов бийликке арзан пиар же болбосо “хайп” болуу максатында бийликке келген болсо, баардык мамлекеттик кызматкерлерди өзүндөй көрбөсүн”, – деди Жакупова.

Жалпысынан 2002-жылдан бери 68 миң юридикалык колдоо, кеңеш бергенин билдирген клиника жардамын акысыз негизде калктын бардык категорияларына көрсөтүп келе жатканын кошумчалады.

15-ноябрда бийликтин жана жарандык сектордун мамилесин талкуулаган жыйында Байсалов бейөкмөт уюмдар бийлик менен кызматташкысы келсе эң ириде конфронтациялык маанайдан баш тартышы керектигин белгилеген.

Ошону менен катар ал “Бизде айрым бейөкмөт уюмдар чуулгандуу пресс-конференциялар жана социалдык түйүндөрдөгү жөнү жок айыптоолор менен гана алек” деп, “Миңдеген мыйзам долбоорлорун талкуулоого ал уюмдардын бири да катышпайт” деп айткан.

Байсалов бийлик кабыл алган чечимдеринин сапатын жакшыртуу максатында укук-ченем актыларынын долбоорун экспертизадан жана коомдук сындан өткөрүп туруу үчүн “олуттуу ресурстарды” бөлөрүн кошумчалаган.