Биринчи май акимиаты райондогу башаламан сооданы жоюу иштерин улантууда

Бишкектин Биринчи май акимиаты райондогу башаламан сооданы жоюу иштерин улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, райондук администрациянын өкүлдөрү стихиялуу соодагерлердин сүйүктүү жери – Жибек-Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишин карап чыгышты.

Биринчи май акимиаты райондогу башаламан сооданы жоюу иштерин улантууда

Белгилей кетсек, буга чейин сатуучуларга борбордо соода эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр, Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктары берилип, административдик жоопкерчиликке тартылары эскертилген.

Бирок сатуучулар берилген эскертүүлөрдү аткарышкан эмес. Буга байланыштуу акимчиликтин адистери КР «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренесине ылайык 27 миң сомго 9 протокол түзүүгө аргасыз болушту.

Бул багыттагы иштер улантылууда.