25 жаштагы келин өз өмүрүнө кол салып, асынып алды: аны кемсинтишкен

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 25 жаштагы келин өз өмүрүнө кол салып, асынып алды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашып, маркум өлүм катын жазып кеткенин билдиришти.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, 2-ноябрда саат 16:00 чамасында 1997-жылы туулган С.С. аттуу келиндин жансыз денеси өзү жашаган үйдүн короосунда жайгашкан мал сарайдын ичинде жипке асынган абалда табылган.

“Жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзүлүп, криминалдык жаракаттар жана белгилер жок экендиги аныкталган. Ошондой эле окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө маркумдун жолдошу 1991-жылы туулган А.З`га таандык болгон уюлдук телефон алынган. Анда WhatsApp мессенжери аркылуу жазышуулар текшерилип, келиндин өлүмүнүн алдында дептердин барагына жазылган каты жөнөтүлгөнү такталган. Келин ушул кадамга барышына жолдошун жана Н. аттуу жеңесин себепкер деп, алар аны кемсинтип келишкенин катында жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 136-берененин 1-бөлүмү (“өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Өзүн-өзүн өлтүрүүгө эмне себеп болгондугун аныктоо максатында тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча мыйзам чегинде тергөө амалдары жүрүп жатат.