Тыныбекова Америкадагы кыргызстандыктар менен жолугушту

WW 62kg Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Айсулуу Тыныбекова Америкадагы кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу балбан кыз социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу билдирди.

Маалым болгондой, ал Чикаго шаарында машыгып жатат.

«Чикаго шаарында мекендештерибиз менен жолуктум. Жолугушуу Чикагодогу Кыргыз маданият борборунда өттү. Сиздердин коом үлгүлүү экен десем жаңылышпайм! Спортко, маданиятка, биздин каада-салттарга салымыңар таң калтырды.

Силердин ынтымагыңарды көрүп, жүрөгүм абдан жылып турат. Мен кайсы өлкөгө барбайын, мени мекендештерим жакшы тосуп алып, колдоолорун билдирип жатышат. Алыс жерде жүргөн күйөрмандарыма, жалпы кыргызстандыктарга терең ыраазычылык билдирем.

Чикагодогу жолугушууга жаш муундар да келишти. Кыргызстанга салымын кошкон, келечеги кең жаштардан болушсун демекчимин!», — деп жазды Тыныбекова