“Ал жакында кайтып келет”: Орхан Инандынын сүрөтү жарыяланды

Жактоочу Таалайкүл Токтакунова социалдык тармактагы баракчасына”Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын колу сынган абалдагы учурдагы сүрөтүн жарыяланды. Жактоочу ага барып жолукканын, анын ден соолугун сураганын айтат.

“Ал бардык окуучуларына, алардын ата-энелерине, кесиптештерине, досторуна жана жалпы Кыргыз элине салам жолдойт. Ал жакында кайтып келет”, – деп жазды сүрөттүн алдына Токтакунова.