Полиция тарабынан сабалган адам 21 жаштагы кыргыз жараны болуп чыкты

Орусияда полиция тарабынан токмоктолгон адам 21 жаштагы Кыргыз жараны экени аныкталды.

“Элчилик тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуя Москвада 2021-жылдын 2-ноябрында болгондугу аныкталган.

Ошондой эле Москва шаарынын Хорошевский районунун полиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулган 21 жаштагы Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгү такталды”, – деп билдиришти элчиликтен.

Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота, Орусиянын ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук башкармалыгына, ошондой эле Орусиянын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына кайрыл