Жапаров Facebookтун директору Эдвард Пальмиер менен жолукту

Президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитине катышуунун алкагында Facebook (Мета) компаниясынын павильонунда болду.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Facebook глобалдык туруктуулук боюнча директору Эдвард Пальмиер менен жолугушуп, Кыргызстандын дүйнөлүк маанилүү социалдык түйүн менен мүмкүн болгон кызматташуу формаларын талкуулады.