Массалык ууланууга байланыштуу кылмыш иши козголду

«Империя пиццы» кафесиндеги массалык ууланууга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнин маалымат кызматы билдирди.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси, «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» боюнча катталып, экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

23-24-октябрь күндөрү Темир жол ооруканасына тамактан уулангандар кайрылган. Кийин алар «Империя пиццы» кафесинен тамактанганы белгилүү болгон.

29-октябрга карата тамак-аштан ууланып, кайрылгандардын саны 318 адамды түздү. Анын 17си Темир жол ооруканасында, тогузу Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында, дагы 17си Улуттук госпиталда.