Кыз жигити жерге берилген күнү өмүрүн кыйган

Тоң районунда жансыз денеси көл жээгинен асылган абалда табылган кыз жигити жерге берилген күнү өмүрүн кыйганды маалымдалган.

Алардын айтымында, кыздын жигити Бишкектен Бөкөнбаевге келе жатып Кант шаарында жол кырсыгына кабылып каза тапкан. Анын сөөгү 26-октябрь күнү жерге берилген.

«Ошол күнү аталган кыз жигитин акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган. Ал жерден Эшперов айылына бир унаа менен келген. Бирок үйүнө кирбей, башка унаага түшүп кеткен экен. Анан көл жээгине барып, бастырмага асынып алыптыр», — деди айыл тургундары.

Болот Мамбетов атындагы айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, 26-октябрь түнү милиция кызматкерлери келип, Эшперов айылындагы видеокамераларды карашкан. Анда кыз айылга «Хонда Степвагон» унаасы менен келгени, кайра башка унаага түшүп кеткени белгилүү болгон. 27-октябрда эртең менен кыз асынган абалда табылган.