Агро Hack – санарип айыл чарбасынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү, жаңы өнөктөштөр сиздерди күтөт!

фото WWW

Агрохакатон – Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлмөкчү.

Агрохакатон – бул биринчи кезекте айыл чарба инновациялары менен алектенген адамдарды бир арага чогултуп, кызматташа ала турган коомчулукту курууга багытталган. Бул жерге адамдар байгелерди утуп алуу үчүн гана эмес, жөн гана пикир алмашуу,  өнөктөштөрдү же потенциалдуу инвесторлорду табуу үчүн келишет.

Тактап айтканда, Агро Hack – айыл чарбасы үчүн санариптик чечимдердин, жаңы идеялардын жүзөгө ашуусуна өбөлгө болуу менен бирге, аны андан ары өнүктүрүү үчүн потенциалдуу инвесторлорду табууга дагы көмөкчү болмокчу.

Айыл чарбасындагы инновацияларга кызыккан ар бир адамдын Agro Hack хакатонуна кошулуп, фонду 340 000 сомду түзгөн баалуу байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Иш-чаранын негизги максаты – агрардык тармакта жаңы санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү аркылуу агробизнестеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Конкурска катышуу үчүн, маалыматты бул шилтеме аркылуу толтуруңуз.

Эксперттер кабыл алынган тиркемелерди тыкыр изилдеп, Агро Hack: Айыл чарбасында санариптик чечимдердин мүмкүнчүлүктөрүн тандоого катыша турган эң мыкты 15 команданы тандап алышат.

9-ноябрдан 16-ноябрга чейин 15 команда адистердин эксперттик колдоосу менен өз идеяларынын презентацияларын тандап, даярдашат.

17-ноябрда командалар презентацияларды жакшыртуу жана иштелип чыккан долбоорлорунун презентациясын даярдоо үчүн 1 күндүк оффлайн хакатонуна катышышат.

18-ноябрда жыйынтыктоочу иш-чарада, катышуучулар өз долбоорлорун эксперттик калыстар тобуна сунуштап, алар төрт жеңүүчүнү аныкташат:

1-орун: 150 000 (жүз элүү миң) сом

2-орун: 100 000 (жүз миң) сом

3-орун: 50 000 (элүү миң) сом

4-орун: ноутбук