21 саясий уюм курултай өткөрүп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү

БШК 28-октябрга карата бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 326 талапкерди каттады. Боршайкомдун маалыматына караганда, ошол эле учурда бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу ниетинен сегиз адам баш тартты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо туура бир айдан кийин, 28-ноябрда болот. Аралаш система менен өтүүчү шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген. Алардын ичинен 21 саясий уюм курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү.

Боршайком 29-октябрга чейин келип түшкөн документтерди текшерип чыгат. 29-октябрдан үгүт иштери башталат. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.