ВИДЕО:”Яндекс Go” такси кызматынын кардары ур-токмокко кабылды, эми ал Москвага арыз жазат

“Яндекс Go” такси кызматынын кардары Наталья Мартынюк аталган кызматтын айдоочусу аны уруп-соккондугун  Kaktus.mediaга кабарлаган. Окуя Бишкектин Жукеева-Пудовкин жана Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

Натальянын айтымында 18-октябрда 17:20 чамаларда Орто-Сай базарынын Honda Accord унаасынын ээси А. Ж. А., келгенде, ал унаага отуруп эки жерге бараарын айткан.

Бирок таксист эч нерсе деген эмес, ал дагы бир жолу айткан, бирок айдоочу жооп берген эмес. Мындай учурда Наталья Мартынюк унааны токтотконго мажбур болгон. Бирок анда дагы айдоочу кардардын айткандарын кылган эмес. Айдоочу көчөнү өтүп токтогон.

Мартынюк айдоочуга 50 сом бергенде, ал албай 150 cом бериши керектигин талап кылган.

Экөөнүн ортосунда пикир келишпестик орун алып, уруша кетишкен. Аягында жакалашып, бири-бирине кол көтөрүшкөн

Жыйынтыгында кардардын көз айнеги жоголуп, баштыгы айрылып, курткасы жыртылган. Айдоочу аны бетке урганга да аракет жасаган.

“Учурда “Яндекс Go” кызаты айдоочуну блоктоп салган. Ал эми кардар арызы менен тийиштүү органдарга кайрылса болот, ал эми биз тараптан бардык документтерди бергенге даярбыз”, – деп билдиришти аталган кызматтан.

Мартынюк бул чарага да макул болбой, “Яндекс Goнун” Москвадагы кызматына кайрыларын айтты.

Октябрь районунун тергөөчүсү Эльнура Давлесша бул иш боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

YouTube video