Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө кылмыштарды алдын алуу маселелерин чечүүдө жаштардын ролу чоң

ИИМдин БМЖКККсы: Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө кылмыштарды алдын алуу маселелерин чечүүдө жаштардын ролу чоң
ИИМдин БМЖКККсы тарабынан ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен борбор калаабыздын студенттери жана жаш активисттери үчүн «Кыргыз Республикасында жаш активисттердин арасында баңгиликти алдын алуу чөйрөсүндө укуктук билимдерди жогорулатуу» темасында тегерек стол уюштурулду.
Аталган тегерек столдо ИИМдин БМЖКККнын жетекчилиги жана өздүк курамы, ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин, саламаттык сактоо, билим берүү тармагынын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Эл аралык марафондун дирекциясынын башкаруу төрагасы, «25 KG» клубунун ыктыячылары, ИИМдин Академиясынын курсанттары, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, Б.Ельцин атындагы КОСУнун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КМЮАнын, КЭАУнун студенттери катышты.
Иш-чараны ИИМдин БМЖКККнын уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын начальниги милициянын подполковниги А.Шигаев ачып, жаш муундардын мамлекеттеги улуттун салматтыгынын түптөлүшүндөгү ролун белгиледи, ошондой эле блогерлерден, лидерлерден жана активисттерден турган жаштардын кыймылын түзүү демилгесин көтөрдү. Бул ишмердүүлүк баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана аларды колдонуу чөйрөсүндөгү кылмыштарды алдын алууга байланыштуу маселелерди чечүүгө багытталат.
Ошондой эле аталган иш-чарада баяндама менен ИИМдин Академиясынын курсанттары жана ЖОЖдун студенттери сөз сүйлөдү, талкуулоо аяктагандан кийин жаштарга Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык, баңгизаттарды жайылтуу үчүн жоопкерчилиги жөнүндө айтылган социалдык роликтер көрсөтүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында ИИМдин БМЖКККнын ишмердүүлүгү жөнүндө иштеги негизги багыттар боюнча толук маалымат алып, негизги функциялары менен таанышты.
Тегерек столдун максаты -«теңме-тең» принциби менен жаш муундарды тартуу. Жаш муундар спорттук, чыгармачылык жана интелектуалдык иш-чараларды өткөрүүдө баңгизаттарды жайылтуу үчүн жана аларды колдонууда адамдын ден соолугуна келтирген кесепеттери жөнүндө өзүнүн деңгээлинде айтып беришет. Жолугушуу бардыгына жагып, жылуу атмосферада өткөрүлүп, катышуучулардын арасында үзүрлүү маек курулду. Иш-чаранын аягында активдүү студенттер белектер менен сыйланышты.
ИИМдин БМЖКККсы Кызматтын ишмердүүлүгү жөнүндө өсүп келе жаткан муундарды маалымдоо максатында, ушундай иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштурат.

WhatsApp Image 2021 10 26 at 09.28.04 1 Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө кылмыштарды алдын алуу маселелерин чечүүдө жаштардын ролу чоң
WhatsApp Image 2021 10 26 at 09.28.04 2 Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө кылмыштарды алдын алуу маселелерин чечүүдө жаштардын ролу чоң

ИИМдин Басма сөз кызматы