Талас шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү

Талас облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында саптык кароо өткөрүлдү. Саптык кароого Бакай-Ата РИИБдин, Талас РИИБдин, Талас ШИИБдин, Талас шаардык күзөт кызматынын кызматкерлери кызматтык авто унаалары менен саптык кароодон өтүштү. Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов тарабынан кызматкерлердин жумушка даярдыктары, сырткы көрүнүшү, атайын формалары жана өздөрүнө тийиштүү буйруктарынын билиши боюнча кароо жүргүзүлдү. Иш-чаранын башында Марлис Асанов бир катар талаптарды айтып, тапшырмаларды койду. Анда жакында келе жаткан Кыргыз Республикасынын милициясынын 97 жылдыгына карата жана өтө турган Парламенттик шайлоодо милиция кызматкерлеринин коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоодо аткара турган иштери менен тааныштырды.
Андан тышкары жол кырсыктарынын алдын алуу, болтурбоо багытында көптөгөн алгылыктуу иштерди аткаруу керектигин, ага шарт түзүп жаткан жагдайлар менен күрөшүү зарылдыгын айтты. Өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон кырсыктарга бөгөт коюучу чаралар көрүлүшү керектиги баса белгиленди. Марлис Асанов: “Кызматкерлер тарабынан жарандарга жана айдоочуларга эң жогорку деңгээлдеги сылык мамиле кылуу жана аларга түшүндүрүү иштери сапаттуу болуусуна көңүл бурулуусу зарыл”-деди. Жалпы кызматкерлерге кылмыштардын алдын алуу максатында тынымсыз иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилип, кызматтык унаалар каралып, кемчилитерди жоюу боюнча талаптар коюлду.

WhatsApp Image 2021 10 25 at 15.07.12 Талас шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү
WhatsApp Image 2021 10 25 at 15.07.11 Талас шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү
WhatsApp Image 2021 10 25 at 15.07.11 1 Талас шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү


Талас ОИИБни басма сөз кызматы