Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев 2 айга камакка алынды

Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу  Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ал 21-декабрга чейин камакта болот. Ошондой эле тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызы дагы 2 айга камакка алынды.

Жогорудагы кызматкерлер Октябрь РИИБинде кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларына шектелүүдө.