“Империя пиццы” тамактануучу жайларында уулангандардын саны 85ге жетти. Баардык филиалдар жабылды

Бишкекте тамакка уулангандардын саны 85ге жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алуу борборунан билдиришти.

“Бүгүн, 25-октябрь саат 07:30га карата жугуштуу оорулар ооруканасына тамактан ууландык дегендердин саны 85ге жетти. Азыркы учурда ооруканада бир аял киши дарыланып жатат, абалы туруктуу. Калгандары биринчи амбулатордук жардам алышкан.

Жабыркагандар шаардагы тамактануучу жайдын ар кайсы жердеги жайларынан тамактанышкан. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө”, – деп жазылат маалыматта.

Буга чейин “Империя пиццы” тамактануучу жайынан тамактанып ууландык деген 12 адам ооруканага кайрылган.