“Империя пиццы” тамактануучу жайларында уулангандардын саны өсүүдө

Бүгүн, 25-октябрь күнүнө карата тамак-аштан уулангандардын саны 118ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилигинин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматында темир жол ооруканасына 98 киши кайрылса, шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 13 адам түшкөн. Ал эми Чүй облустук бириккен ооруканага – 2 адам кайрылса, Жайыл районундагы жалпы дарыгерлик практика борборуна – 5 киши түшкөн.

Алардын арасынан Темир жол ооруканасында стационардык дарыланууда 10 бейтап жатса, шаардык балдар ооруканасында 13 бала жатат. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп аныкташты. Калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, кечээ күнү уулангандардын саны 12 болсо, бүгүн эртең менен 85ке жеткен. Алар “Империя пиццы” жайларынын 4 борборунда роллы тамактарын жегени айтылды. Бул кырдаал боюнча эпидиликтөө уланып, учурда аталган тамактануу жайларынын бардыгы жабылганы белгилүү болду.

YouTube video