АКШ, Германия, Франция… Түркиядан 10 өлкөнүн элчилери чыгарылат

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдөн 10 мамлекетинин элчилерин чыгаруу боюнча Тышкы иштер министрлигине буйрук берди. Бул тууралуу Daily Sabah басылмасы жазып чыкты.

Жазылган маалыматка ылайык, мындай кадам элчилер мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга шектелген филантроп Осман Каваланы бошотууга чакырык таштаганы үчүн жасалган.

Стамбулдун прокуратурасы аны 2016-жылы июлда Түркияда көтөрүлүш уюштурууга аракет кылган деп айыптап, камакка алган. Буга чейин Каваланы бошотууга АКШ, Германия, Франция, Нидерланддар, Канада, Жаңы Зеландия, Дания, Норвегия, Финляндия жана Швециянын элчиликтери чакырышкан.

Түркия — НАТОнун мүчөсү. Бирок ага карабастан аталган мамлекеттердин элчилери персона нон-грата болуп жарыяланат. Бейшемби күнү Эрдоган элчилер Анкарада туруп алып акыл үйрөткөнгө укугу жок экенин билдирип “Силер кимсиңер?” – деп суроо салган.