“Журналисттер куугунтукталбайт”, – Садыр Жапаров

BULAK.KG сайтынын башкы редактору Семетей Аманбеков президентке “Мыйзамдарды өзгөртүп көз карандысыз журналисттерди ооздуктоо аракеттери жүрүп жаткандай. Ошондой эле активисттердин телефондорун тыңшоо канчалык деңгээлде мыйзамдуу” деген суроо узатты.

Өз кезегинде президент “Активисттерди тыңшоолор себеби болгон үчүн болуп жатат. Ар бир кызмат өз ишин аткарып жатат. Демек алардын тыңшоолорду жүргүзүүгө жүйөлүү себептер бар. Журналисттерди куугунтуктоо болгон жок жана болбойт. Чиновниктерди курулай шыбагандарды Кудайга жана элге койгула деп гана айтам мен. Журналисттерге карата мыйзам өзгөрбөйт”, – деп жооп берди президент