“Чүкөдөй кызга эрегишмек белем”: Садыр Жапаров Орозайым Нарматова боюнча пикирин айтты

23-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жылдык маалымат жыйыны өттү. Жапаров бир жыл ичинде аткарылган иштер боюнча баяндама жасап, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жыйында активист Орозайым Нарматова тууралуу кеп козголду. Өлкө башчы «бирөөнү кама» деп буйрук бербей турганын айтты.

«Коомчулук, журналисттер сиздер «президент ар кимди кама» деп отурат деген ойдо окшойсуздар. Кечирип коюңуздар, бирок айрым учурда ажатканага барганга убакыт жок. Орозайым Нарматова убагында иштеп көп жардам берген. Анан чүкөдөй кызга эрегишмек белем. Мен баламды тебелеп кеткен адамды кечирип койгом. Нарматованын кармалганын кеч билдим. Тескерисинче ИИМден суранып чыгаргам. Орусияга учурганга мен түрткү болгом», — деди Жапаров.

Эске салсак, жакында эле Орозайым Нарматова Ошто УКМК тарабынан кармалып, ал элдерге чакырык жасаганынабайланыштуу сурак берген.