Улан Ниязбеков полициялардын жетекчилеринин эл аралык саммитине катышууда

Ички иштер министри Улан Ниязбеков полициялардын жетекчилеринин эл аралык саммитине катышууда

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Корея Республикасынын борбор шаары Сеулда “Заманбап шарттарда полициялардын өнөктөштүгү” аттуу темада өтүүчү полициялардын жетекчилеринин эл аралык саммитине катышууда.
Аталган саммит, заманбап шартта дүйнө коопсуздугун камсыздоо боюнча ар кайсы мамлекеттердин полицияларынын жетекчилеринин ой-пикирлерин жана алдынкы тажрыбаларын алмашуу максатында Корея Республикасынын Полиция улуттук агентствосу тарабынан уюштурулган.
Аталган саммиттин алкагында Ички иштер министрлигинин жетекчиси Улан Ниязбеков, Корея Республикасынын Полициясынын Генералдык комиссары Ким Чанг Ёнг жана башка мамлекеттердин полицияларыны жетекчилеринин катышуусунда «Korea Police World Expo» полициялардын кийиминин үлгүлөрүнүн көргөзмөсү болуп өтүп жана Корея полициясынын материалдык-техникалык жабыдыкталышы менен таанышышты.

WhatsApp Image 2021 10 21 at 12.27.37 Улан Ниязбеков полициялардын жетекчилеринин эл аралык саммитине катышууда
WhatsApp Image 2021 10 21 at 12.27.37 1 Улан Ниязбеков полициялардын жетекчилеринин эл аралык саммитине катышууда
WhatsApp Image 2021 10 21 at 12.27.38 Улан Ниязбеков полициялардын жетекчилеринин эл аралык саммитине катышууда

ИИМдин Басма сөз кызматы