Баткен облустук милициясы спорттук мелдеш өткөрдү

Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы Булак. кж порталына билдирди.

WhatsApp Image 2021 10 20 at 13.45.16 Баткен облустук милициясы спорттук мелдеш өткөрдү

Баткен шаарында 1-ноябрь Кыргыз милициясынын 97 жылдыгына карата “Спорт достуктун тиреги” аталышындагы спорттук иш-чара уюштурулду.
Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Бороновтун демилгеси менен укук коргоо органдары арасындагы Ички иштер башкармалыгынын начальнигинин кубогуна спорттун 3 түрү боюнча – кичи футбол, волейбол жана кол күрөш өткөрүлдү.
Баткен облусундагы күч түзүмдөр ортосундагы ынтымакты бекемдөө, ден соолукту чыңдоо максатында УКМКнын, Бажы кызматынын, Чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички аскерлердин жана ОИИБнын командалары болушуп, мелдешке жалпысынан 6 команда катышты.

  1. Кол күрөш боюнча 90 кг чейин жана 90 килограммдан жогорку салмакта оюн өткөрүлүп, төмөнкүлөр орундарга ээ болду. 90 кг чейинки салмак боюнча: I орунга Баткен ОИИБы конмандасы
    II орунга Коргоо министрлигинин командасы
    III орунга ИИМдин Ички аскерлер командасы
    90 килограммдан жогоркулар боюнча:
    I орунга Баткен ОИИБы командасы
    II орунга ИИМдин Ички аскерлер командасы
    III орунга Коргоо министрлигинин командасы
  2. Волейбол боюнча:
    I орунга Баткен ОИИБнын командасы
    II орунга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин командасы
    III орунга Бажынын кызматынын командасы
  3. Футбол боюнча:
    I орунга Баткен ОИИБнын командасы
    II орунга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин командасы
    III орунга Бажы кызматыны командасы ээ болушту.
    Спорттун 3 түрү боюнча биринчи орунду алган Баткен ОИИБсына кубок жана диплом, акчалай сыйлыктар, ал эми кийинки орунду ээлеген командаларга диплом, акчалай сыйлыктар берилди.
    Ошондой эле оюнда активдүү катышкан “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу” номинацияларына акчалай сыйлык жана грамоталар берилди.
WhatsApp Image 2021 10 20 at 13.45.15 Баткен облустук милициясы спорттук мелдеш өткөрдү
WhatsApp Image 2021 10 20 at 13.45.15 1 Баткен облустук милициясы спорттук мелдеш өткөрдү