Баңгизаттар менен алектенген топ аныкталды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттар менен алектенген кылмыштуу топту кармашты, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы Булак.кж маалымат порталына.

WhatsApp Image 2021 10 20 at 14.29.14 Баңгизаттар менен алектенген топ аныкталды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттар менен алектенген топ аныкталып кармалды.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Сатуу максатын көздөп баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча КЖБРге катталган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Ош-Алай трассасынын 5-чакырымында «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Аталган автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда унаанын багажынан баңгизат салынган баштык, ошондой эле айдоочуга жана 2 жүргүнчүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда баңгизаттар табылып алынган. Алынган ооган гашишинин (чарс) жалпы салмагы 2 килограммдан ашуун болгон.
Кармалган А.И., Т.В. (мурда соттолгондор) жана К.Н. аттуу жарандар Ош шаарынын №5 тергөө абагына киргизилди.
Азыркы учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
ИИМдин БМЖКККсы системалык түрдө республика боюнча ушундай фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды тынымсыз жүргүзүүдө.

WhatsApp Image 2021 10 20 at 14.29.14 2 Баңгизаттар менен алектенген топ аныкталды
WhatsApp Image 2021 10 20 at 14.29.14 1 Баңгизаттар менен алектенген топ аныкталды
WhatsApp Image 2021 10 20 at 14.29.13 1 Баңгизаттар менен алектенген топ аныкталды
WhatsApp Image 2021 10 20 at 14.29.13 1 1 Баңгизаттар менен алектенген топ аныкталды
WhatsApp Image 2021 10 20 at 14.29.12 Баңгизаттар менен алектенген топ аныкталды