Кыргызстанда ооруган балдардын саны өсүүдө. Себептери кандай ?

Өлкөдө акыркы күндөрү бала бакча, мектептерге балдардын баруусу азайып, белгисиз вирус күчөп тургандыгы айтылып келүүдө. Мындан улам балдар ооруканаларында кезек күтүп, дарыгерге баламды көрсөтөм деген ата энелер көп. Бул маселе боюнча балдарды тарбиялаган мекемелер кандай кырдаалга туш болуп, дарыгерлер кандай кеңештерин берип жаткандыгын bulak.kg маалымат порталы сурап билди.

Фатима Акчокоева – Бишкектеги жеке менчик бала бакчалардын биринин жетекчиси:

“Балдар ооруп жаткандыктан өткөн айга салыштырмалуу жарымы келе албай жатышат. Ата-энелер балдары ооруп калганына байланыштуу келбей калгандарын айтып турушат. Биз жума сайын бөбөктөрдү медициналык кароодон өткөрүп турабыз. Алардын арасында ооругандары болсо, симптомдорун белгилеп үйүнө жөнөтөбүз. Ата-энелер балдарын кайсы бир убак үйдө кармап, дарылап алган соң кайра алып келишет. Быйыл ооругандардын саны өзгөчө көп экенин байкадым. Буга чейинки жылдары мындай көрүнүштөр болгон эмес”.           

Бишкектеги №3 шаардык медициналык балдар ооруканасынын дарылоо боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамийла Анакееванын айтымында жылда эле ушул убакта балдар арасында оору күчөйт. Ага аба ырайынын сууктап калышы да себеп. Вирустук инфекция, грипп жүрүп жаткандыктан балдардын ысытмасы түшпөй ооруканага кайрылгандар көп.

Жамийла Анакеева – №3 шаардык балдар ооруканасынын дарылоо иштери боюнча башкы дарыгеринин орун басары:  

“Ата-энелерге бере турган эң биринчи кеңешим – паникага алдырбагыла. Тумоо да айыга турган оору. Эгер балаңыз 3 жаштан ашып, чоңоюп калган болсо, калтыратмасы да болбойт. Демек, өзүңүздүн дарегиңизге ылайык дарыгерге барып, абалды түшүндүрүп, оору жөнүндө кенен маалымат алышыңыз керек. Кантип айыктырыш керектигин билип, үйдөн дарыласаңыз болот”.

Ооруканага 400 бала келсе, анын ичинен болгону 40ы стационардык дарылоого жаткырылганы, алардын ичинен 250дө болгону ысытмасы эле бар экендиги жана аны үйдөн дарылоого мүмкүн экени кошумчаланды. Ооруканага педиатр, реаниматолог жана медайымдардын жетишпей жатканын да айтууда.

Жамийла Анакеева – №3 шаардык балдар ооруканасынын дарылоо иштери боюнча башкы дарыгеринин орун басары:

“Эгер биз жалаң оор абалдагы пациенттер менен иштей турган болсок, мындай илдетти айыктырууга мүмкүнчүлүк болот. Азыркыдай чон кезектер да болбойт эле. Элестетип көрүңүздөр, кезекте турган 50 адамдын ичинен 10у гана кароого муктаж болсо, калгандары жон эле убакытты алып жатпайбы”.

Ооруканадагы узун кезектердин келип чыгуусу – ата энелер балдарды алгач өздөрүнүн үй-бүлөлүк поликлиникасына алып барбастан түз ооруканага кайрылып жатканы деп билдиришет. Буга себеп катары элдин поликлиникага болгон ишениминин аздыгы болушу ыктымал. Бирок, дарыгерлердин белгилөөсүндө андай дарылоо мекемелеринде да жогорку квалификациядагы адистер эмгекетенет.

YouTube video