Алдыдагы шайлоону өткөрүүгө 592 млн. 350 миң сом каражат керек

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 592 млн. 350 миң сом каражат керектелет. Бул тууралуу президенттик администрациянын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Искандер Гайпкулов 19-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искендер Гайпкулов 2021-жылдын планында референдум жана республиканын үч шаарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо каралбаганын айтты.

«Эки шаарда, үч айылдык кеңеште шайлоо өтүш керек болчу. Муну дагы бюджеттин акчасын үнөмдөө максатында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен бир күндө өткөрүүнү пландап жатабыз. Мыйзам буга жол берет. Биз мындан 47 млн. сом үнөмдөп жатабыз. Биздин бюджетке каралган акчанын ичинен референдум менен үч шаардагы кайра шайлоо 2021-жылдын бюджетинде каралган эмес болчу. Азыр ошол акчаны сурап жатабыз. Ошондо 100 млн. кошкондо экономиянын эсебинен 592 млн. менен баары бүтөт», — деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы быйылкы бюджетине кошумча 100 млн. сом бөлүп берүүнү суранды. Аны бөлүү боюнча атайын тескемени Министрлер кабинети 11-октябрда кабыл алган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 19-октябрдагы отурумунда муну колдоду.