Өзүмдү милициядан башка кызматта иштегенимди элестете албайм, – Ардак

Ардак Мамбетакунов: Өзүмдү милициядан башка кызматта иштегенимди элестете албайм

Милициянын улук лейтенанты Ардак Мамбетакунов милиция кызматынын иши оор жана түйшүктүү экенин биринчи эле күндөрү түшүнгөн. Бишкектеги милициянын генерал-майору Ж. Шабиров атындагы окуу борборунда окуп жатканда эртеден кечке катарда маршта басканды жана «честь» бергенди, сапта турганды үйрөнгөн. Дал ошол күндөрү бул күжүрмөн даярдыкка чыдабастан, милиция кызматын баштай албай жатып кетип калган балдардын жоруктарына күбө болгон. Даярдыктан өтүп, эркин сынаган каарманыбыз кичинесинде эле жездесиндей болуп форма кийгиси келген, анткени жездеси ал убакта милиция кызматкери болчу. Үйгө жездеси атайын жабдыктар менен жабдылган милициянын УАЗ үлгүсүндөгү унаасы менен келчү. Ардак ошол учурдагы жездесинин формасына, курундагы куралына көзү түшөөр эле. Эшикте токтоп турган унаанын ичине түшүп, рациясын кармалап, кыялында кылмышкерлерди кубалап ойноп калчу. Бир кезде кызыктуу сезилген мына ошол милиция кызматкеринин формасы, куралы жана унаасынын артында оор түйшүк жатканын Ардак эми иштеп жаткан учурда жон териси менен сезип жаткан кези. Каарманыбыз жаңы гана кызматка кирип иштеп жаткандагы бир күнкү окуясын айтып берди.
Ал убакта Ардак автоунаа уурдоого каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен иш алып барып жүргөн учуру болчу. Биринчи эле күндөрү улук ыкчам кызматкер каарманыбызды алып, унаасы менен шаардын четиндеги бир жаңы конуштарга алып келет. Бир даректеги үйдү көрсөтүп, «Ушул үйдү акмалап карап тур. Чоң ак түстөгү унаа келет, ошондо бизге байланышка чык. Байка, сени бул үйдөгүлөргө байкап калбасын…»-деп коюп кетип калат. Каарманыбыз эртеден кечке ошол үйдү акмалап көчөдө жүрөт. Кечке тура берип курсагы да ачып чыгат, бирдеме сатып жей калайын десе жакын жерде дүкөн да көрүнбөйт. Алысыраак жактагы дүкөнгө барайын десе, баягы ак түстөгү унааны өткөрүп ийемби деп чочулайт. Ары-бери басып, акмалап жаткан үйгө жакын жолобой же алыс да кете албай, кечке кыйналат. Качан гана кеч кирип калган учурда баягы күткөн чоң ак түстөгү унаа келип токтойт. Каарманыбыз дароо кесиптештерине кабар берип, көптөн күткөн кылмышка шектүү ак түстөгү унаанын айдоочусун колго түшүрүшөт. Ошентип кечке кыйналган Ардак кылмышкерди кармап, берилген тапшырманы так аткарганына сүйүнүп чарчаганын унутуп да калган…
Ардак Мамбетакунов 2010-жылы Чүй ОИИБнын Кайгуул күзөт кызматынын босогосун аттоо менен эмгек жолун баштаган. Андан бери ИИОнун көптөгөн бөлүктөрүндө талыкпай кызматын өтөп келет. Өзүн башка кызматта иштегенин элестете албаган каарманым, милиция кызматында жүрүп көп жакшылыктарга жетишкенин жана жакшы санаалаш кесиптештер менен чогуу иштешип келе жатканын билдирди. Келечекте милиция кызматынын ардактуу ардагери болсом деген тилеги бар.

ИИМдин “Бетме-бет” гезити