Булактан эксклюзив: Орхан Инандыны уурдагандар ага ийне сайышкан

Маалым болгондой, Инанды Орхандыга Бишкектен эле денесине оор залака келтире башташкан.

Түркиянын атайын чалгындоо кызматы тарабынан Кыргызстандан уурдалып чыгарылып кеткен «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды жактоочусуна Кыргызстандан кандай жол менен уурдалып, Туркияга чыгарылып кеткени тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Bulak.Kgге кабарчы жактоочу Таалайгүл Токтакунова менен байланышканда түркиялык кесиптешинин маалыматына таянуу менен билдирди.

Жактоочу Таалайкүл Токтакунова «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын Түркиядагы жактоочусу менен сүйлөшкөн жана кесиптеши Инанды экөөнүн оозеки сүйлөшүүсүн айтып берген. Анын айтымында, 31-майда түндө дайынсыз жоголгон Инанды 1-июнда өлкөдөн чыгарылып кеткен.

“Түнкү саат 23:00 чамасында үч адам мени кармаган жана алардын экөөсү кыргыз, ал эми бирөөсүнүн бетин көрө алган жокмун. Алар мени жеңил унаага күч колдонуп салды, ошол учурда эле колум сынган. Башыма кап кийгизип, дароо ошол жерден алып кетишти. Анда бут кийимим сыртта калган аны кайра кийгизишкен жок. Чөнтөгүмдөн документтеримди алып, ыргытып жиберишти. Менимче Кара-Балта тарапка бардык, ал жерден мага ийне сайышты. Көп убакыт уктадым. Андан соң ачуу жана таттуу суу берип жатышты, ал уктатуучу дары болушу мүмкүн. Көзүмдү ачсам, туннелден өтүп бара жатыптырбыз. Төө-Ашуудан ашкандан кийин, алар болжол менен Жалал-Абадка кирип барышкан. Көпкө жол жүрүп, түшкө жакын бир чек арадан өттүк. Андан соң кичинекей эле учакка отуруп кеттик. Баш аягы 3 унаа котордук”, — деп билдирген Инанды өз көрсөтмөсүндө.

Ошондой эле, Инанды аны 3 жолу башка унааларга отургузуп, изин жашырышканын билдирди. Мисалга, Кара-Балтадан жол тандабаска отургузушкан, андан кийин сары унаага алмаштырышкан. Ошентип, уурулар аны чакан учакка отургузуп, мамлекеттен сыртка алып чыгышкан. Ал ушуга дейре 35 күн кайда болгонун билбейт.

Токтакунова адам уурдоого катышкан кыргыз жарандары азыр мамлекеттен чыгып кеткенин божомолдоп, алар кантип дем алып, жашап жатканына тан калат.

Жактоочу азыр 21-кылымда ушундай жол менен, кудум кинолордой бейкапар кишини уурдап, колун сындырып, каалашынча мазактап, кийин мамлекеттен чыгып кетсе болот экендигин өкүнүү менен айтат. Бирок ошолор кандай гана оор кыйынчылыктарды башынан өткөргөн Инандыдай болуп сезишсе экен. Алар террористтей эле ага маиле жасашты, – дейт.

Эске салсак, Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкектеги өзүнүн жашаган үйүнүн жанынан уурдалган. Ал дээрлик бир ай бою дайынсыз болуп, андан кийин 6-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Инандынын иши боюнча соттук отурум анын ден соолугуна байланыштуу улам жылдырылып, 26-октябрга белгиленген.