Кытай-өзбек вакцинасы менен эмделгендер ажылык же умра үчүн Сауд Арабиясына бара албай жатышат

Коронавируска каршы өзбек-кытай вакцинасы менен эмделгендер ажылык же умра үчүн Сауд Арабиясына бара албай жатышат.

Маалыматка ылайык, өзбек-кытай биргелешкен ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) каттоосунан өткөн эмес жана Сауд Арабиясы аны тааныбайт.

«Кытай-өзбек вакцинасын каттоого алуу үчүн тиешелүү документтер ДССУга жөнөтүлдү. Эгер уюм аны тааныса, албетте, маселе чечилет», дейт Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык кызматынын башчысынын орун басары Нурмат Атабеков.

Эскерте кетсек, буга чейин өзбекстандыктар кичи ажылыкка баруу үчүн Сауд Арабиясында таанылган Pfizer/BioNTech (АКШ/Германия), AstraZeneca (Британия), Moderna (АКШ) жана Johnson & Johnson (АКШ) вакциналары менен эмделиши керек экени айтылган.