Улан Сарбанов кызматка дайындалды

Улан Сарбанов Экономика жана финансы министрлигине караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына башчы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи коллективге 17-октябрда тааныштырылган.

Сарбанов Улан Кытайбекович — экономика илимдеринин кандидаты (Мамлекеттик башкаруу университети, Москва, Россия).

1993-2006 — жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын жетектеген.

Ошондой эле ал 2 -класстагы мамлекеттик кеңешчи.