Таластагы жол кырсыгында каза болгон 8 адамдын ысымдары

Таластагы 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан каза болгон жарандардын аты-жөнү такталды. Көз жумгандардын ичинен эң улуусу 60 жашта болсо кичүүсү 12 жаштагы өспүрүм. Бул тууралуу  Талас ОИИБинин басма сөз кызматына байланышканда белгилүү болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Хонда-Степвагон унаасынын алдынан жылкы чыга калгандан улам ал карама-каршы тилкеге чыга калып, ДАФ унаасын сүзгөн.

Кырсыктан каза болгондор:

1. Айдоочу, Бакай-Ата районунун тургуну 1980-жылы туулган.

2. 2009-жылы туулган жүргүнчү Ч.А.3. 1970-жылы туулган жүргүнчү Ш.С.4. 1964-жылы туулган жүргүнчү Т.З.5. 1995-жылы туулган жүргүнчү К.Э.6. 1961-жылы туулган жүргүнчү С.Э.7. 1996-жылы туулган жүргүнчү Н.М.8. 1993-жылы туулган жүргүнчү Р.А.