Аида Касымалиева БУУнун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү болот

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын расмий өкүлүнүн кызмат ордуна вице-спикер Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырды. Маалыматты парламенттин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, бүгүн Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Аида Касымалиеванын талапкерлигин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна карап чыккан.

«Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Касымалиева Аида Камчыбековнанын талапкерлиги жактырылсын. Комитеттин чечиминин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн»,-деп айтылат маалыматта.