Эркин Салымбеков декабрь айына чейин кармалды

Бишкектеги “Дордой-Дыйкан” базарынын директору Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалганы айтылган. 

УКМК бул боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.