ИИМ министринин орун басары болуп Адылбек Бийбосунов дайындалды

Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп Адылбек Бийбосунов дайындалды.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал кызматын өткөрүп берип, парламенттик шайлоого аттанган Сүйүн Өмүрзаковдун ордуна келди.

Адылбек Бийбосунов буга чейин ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгын жетектеп келген.