+996 (

999

777

)

462222

Россия Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга даяр

Окшош окуялар:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул жөнүндө мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, ар кыл тармактагы өз ара пайдалуу байланыштардын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден-соолук, узак өмүр, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Президент Жапаров өлкөлөрдүн тарыхый достук жана бири-бирин урматтоонун бекем салттарына негизделген өз ара алакасын жогору баалап, бул иште Владимир Путиндин чоң салымын белгиледи.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Россия лидерин Мамлекеттик думага шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгү парламенттер аралык байланыштарды Жогорку Кеңеш менен чыңдоого багытталарына ишеним артты.

Өз кезегинде Россиянын Президенти Владимир Путин куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле орус тараптын биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга даярдыгын белгиледи.

Бизге маалыматыңыз барбы?

Биздин WhatsApp'ка жазыңыз +996 (777) 462222

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here

- Реклама -

Аналитика

Электр энергиясын үнөмдөө – катаал кыштан чыгуунун жалгыз жолу

Кыргызстанда электр энергия кризиси жаралып, карапайым калк, өндүрүш кооптуу абалга кептелди. Токтогул суу сактагычында да суу адаттагыдан алда-канча төмөндөп...

Окшош макалалар: