Депутат Атазов мекеме жетекчилери элди алдап келгенин айтты

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны болууда. Жыйындын жүрүшүндө «Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК КРдин басма сөз кызматы билдирди.

Мамкурулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, ЕРӨБ Ноокат шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын таза суу тармагы менен саркынды сууларды чыгаруу тутумун жаңыртуу багытында жалпысынан 4,8 млн евро өлчөмүндө каражат бөлөт, анын ичинде 2,2 млн евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ал мэрия менен шаардын сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш.

Ал эми Ноокат шаарынын мэри алынган насыяны толугу менен өз маалында төлөй алыша турганын, баардык чыгымдар менен кирешелер эсептелип чыкканын, долбоор ишке ашып калса, анын алкагында жергиликтүү 10 миң адам таза суу менен камсыз болууга тийиш экенин билдирди. Ал бул долбоорго Ноокат шаары эле эмес, анын айланасында жайгашкан айрым айылдар кире турганын кошумчалады.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору 3 жылдан бери ишке ашырылбай токтоп турганын сынга алышты. Депутат Шайлообек Атазов айрым мекемелердин жетекчилери көп жылдан бери депутаттарды эле эмес, жалпы элди да алдап келатканын баса белгиледи.