
“Ош” базары 2027-жылдын март-апрель айларында көчүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушуу учурунда жергиликтүү базар тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.
Президент базарды мамлекет өзү куруп жатканын эске салды. Ал бир нече жыл мурда ири базарлардын ээлерин чогултуп, 30 жылда долларлык миллиардер болгонун айтып, соодагерлерге шарт түзүп берүүнү суранганын белгиледи.
“Ушул алты жылда бир чарчы метр да курушкан жок. Азыр “Мадина” базары мамлекеттин көзөмөлүндө. Ээсине 4-5 жылдан кийин акчасын төлөп берерибизди айттык”, — деди ал.
Жапаров бул райондогу ишкерлер базарга мындан ары да ээлик кылууну кааласа, соодагерлерге жакшы шарт түзүп бериши керектигин эскертти.






