УКМК менен ИИМ 1,5 миңдей чет өлкөлүк мигрантка 13 млн. сомдон ашуун айып салды

Кыргызстанда миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, атайын кызмат ИИМ менен 1-10-октябрь күндөрү “Нелегал” деп аталган рейд өткөрүп, чет өлкөлүк жумушчуларды ишке тартуу эрежелерин бузган тараптарга 75 протокол түзүлүп, 3 миллион сомдой айып салынган.

Мындан тышкары, миграциялык мыйзамдарды бузган 1,5 миңдей чет өлкөлүккө 10 миллион 480 миң сом айып жазылганы айтылды.