Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрөт

23-25-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын билдирди.

Маалыматка ылайык, төмөнкү аймактарда үшүк жүрөт:

Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт;

Чүй облусунун түндүгүндө, Таластын Кара-Буура районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда -3…-5 градуска чейин суук болот;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.