Сыймык Жапыкеев түндө милицияга жеткирилген. Себеби айтылды

Финполициянын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев 18-октябрда аны милиция бөлүмүнө алып кетишкенин, ал жерде таң атканга чейин отурганын айтты. Анын видеосу соцтармактарга тарады.

Жапыкеевдин айтымында, аны “үстүңөн арыз түшкөн” деп тергөөчүлөр алып кетишкен. Бөлүмгө келгенден кийин эч ким түшүнүк албаганын, эч ким эч нерсе түшүндүрбөгөнүн айткан.

“Кандай укук буздум десем “министр ойгонсун анан чечет” дейт. Бул эмне деген акмакчылык? Бүгүн “Кыргызтестке” барышым керек эле”, – деп нааразы болгон.

Ал арада Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Жапыкеевдин нааразычылыгы боюнча расмий комментарий берди.

Башкармалыктын билдирүүсүнө караганда, 19-октябрга караган түнү болжол менен саат 2:11де милициянын нөөмөт бөлүмүнө Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан батирде ызы-чуу, кыйкырык болуп, тургундардын тынчын бузуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Билдирүү Турак жай инспекциясы тарабынан каттоого алынып, алдын ала тергөө иштери башталган.

“Милиция кызматкерлери жерине барганда 1977-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран мас абалда болуп, кызматкерлердин мыйзамдуу буйруктарын аткарбай, уят сөздөрдү колдонгон. Тартип сактабаган жаран 5-шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат”, – дешти башкармалыктан.