Казакстан чет элдик жарандар үчүн электрондук уруксат эрежесин киргизди

Казакстан чет элдиктер, анын ичинде кыргыз жарандары үчүн өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелерин киргизди.

Эми аталган өлкөгө баруудан мурда QazETA платформасы аркылуу алдын ала электрондук уруксат алуу керек. Ал акысыз, бирок өлкөгө кирердин алдында кеминде 72 саат мурда өтүнмө берилиши керек.

Жаңы эрежелер качан күчүнө кирет?

  • 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып – “Аухатты” кошо алганда айрым чек ара өткөрмөлөрүндө жана Актау аэропортунда.
  • 2027-жылдын 1-январынан тартып – Алматы жана Астана аэропортторунда.
  • 2027-жылдын 1-мартынан тартып – башка бардык чек ара өткөрмөлөрүндө.
  • 2027-жылдын 1-июлунан тартып – электрондук уруксаты жок болсо кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

1-июлга чейин уруксаттын жоктугу кирүүгө тыюу салууга негиз болбойт. Чек арачылар аны кантип алууну түшүндүрүп беришет.