Көчмөндөр оюндары −2026: Кыргызстан көкпар боюнча беттеште Монголияны утту

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу оюндардын медиаштабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Чолпон-Ата шаарында өткөн алгачкы беттеште Кыргызстан менен Монголиянын курама командалары күч сынашты.

Оюндун жыйынтыгында Кыргызстандын командасы атаандашын 12:1 эсебинде жеңип, мелдешти ишенимдүү баштады.

Тайпалык этапта кыргызстандыктар дагы Өзбекстан жана Афганистан курама командалары менен кездешет. Ал эми башка тайпада Казакстан, Россия жана Венгрия курамалары күч сынашууда. Тайпалардын жеңүүчүлөрү турнирдин финалына чыгышат.