
Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда аттан жыгылган 20 жаштагы жигит каза болду. Окуяга күбө болгондордун айтымында, маркум аттан жыгылган учурда буту үзөңгүгө илинип калган. Үрккөн жылкы аны бир нече метрге жерге сүйрөп барган.
Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, жабыркаган жигитти Ананьево айылындагы ооруканага алып келишкен. Бирок ал ага чейин эле каза болгону дайын болгон.
Буга чейин соцтармактарда окуянын видеосу тарап жаткан эле. Ал учурда аттан жыгылган кыз экени айтылып, бирок маркум 2006-жылы туулган жигит болгон белгилүү болду.






