Сот экс-депутат Конгантиевди күнөөлүү деп таап, 500 миң сом айып салды

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевди Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 500 миң сом айып салды. Райондук сот мындай чечимди 15-июлда чыгарганы 6-августта белгилүү болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Куванычбек Конгантиевди март айында кармап, Ленин райондук соту аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Ушул эле сот 15-июнда аны үй камагына чыгарган.

Атайын кызмат ага аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдаланып, жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып койгон.Бул факты боюнча 10-мартта кылмыш иши козголгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-мартта Куванычбек Конгантиевди өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыраткан.

45 жаштагы Куванычбек Конгантиев 2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектеги №21 округдан парламентке депутат болуп шайланып келген. Ал мандатын эмне себептен тапшырганы тууралуу комментарий берген эмес. Ал Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.