
Түндүк Кипрде кыргызстандык кызга супермаркетте бычак менен кол салуу болгонун ТИМ кабарлады.
Окуя 3-августта Лефкоша шаарында болгон. ЖМКлардын маалыматы боюнча, кыз 22 жашта, ага операция жасалганы менен абалы оор бойдон калууда. Кол салган адам өзүн да жаракаттаганы белгилүү болду. Ал кыргызстандык кыздын мурунку жигити болушу мүмкүн деген божомол бар.
Дипломаттар укук коргоо органдары менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктап жатышат жана жабыркаган кыздын жакындары менен байланышта болууда.






