
Бул аптада Бишкекте аба ырайы ысык болушу күтүлүүдө. Күндүз абанын температурасы акырындык менен жогорулап, +40 градуска жетет.
Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 14-18-июлдарда Кыргызстандын аймагында аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт.
Жакынкы күндөрү абанын температурасы төмөнкүдөй болот:
13-июль, дүйшөмбү — күндүз +33 градус, түнкүсүн — +23;
14-июль, шейшемби — күндүз +35 градус, түнкүсүн — +22;
15-июль, шаршемби — күндүз +38 градус, түнкүсүн — +23;
16-июль, бейшемби — күндүз +40 градус, түнкүсүн — +24;
17-июль, жума — күндүз +39 градус, түнкүсүн — +26;
18-июль, ишемби — күндүз +39 градус, түнкүсүн — +26;
19-июль, жекшемби — күндүз +39 градус, түнкүсүн — +26.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европа менен Борбордук Азияда аномалдуу ысыктын жаңы толкундары болорун эскерткен. Уюмдун маалыматы боюнча, жакында эле Европаны каптаган рекорддук ысыктан кийин, жайдын эң кооптуу күндөрү дагы алдыда болушу мүмкүн.






