
Бишкек шаарында автобус менен 9 жаштагы окуучуну тебелеп кеткен Б.М. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы кабарлады.
Окуя 13-июль, таңкы саат 9:00дө катталды. Жаш Гвардия көчөсүндө бараткан ZHONG TONG автобусу Рыскулов көчөсү менен кесилишке келгенде жаш баланы тебелеп кеткен. Окуучу жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ошол жерде жан берген.
Жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. Автобус атайын айып короого киргизилди. Иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.






