
Бүгүн, 3-июлда Бишкекте пилоттук режимде түнкү автобус каттамдары ишке кирет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар түнкү саат 23:00дөн таңкы 05:00гө чейин жүрүшөт.
Жол акысынын баасы:
70 сом — накталай эмес төлөмдө (банк картасы, транспорттук карта же QR-код аркылуу);
90 сом — накталай төлөгөндө.
Биринчи этапта алты каттам ишке киргизилет: № 3, 16, 19, 35, 45 жана 56. Ар бир каттамда үчтөн автобус иштейт.
Шаардык бийлик түнкү автобустардын ишке кириши шаардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле борбор калаанын тургундары менен конокторуна түнкү убакта коопсуз жана ыңгайлуу жүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга шарт түзөрүн билдирүүдө.












