
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жеке курамына ведомствонун төрагасынын милдетин аткаруучу Максат Асаналиевди тааныштырды.
Адылбек Касымалиев Мамлекеттик комитеттин жетекчилигине жана кызматкерлерине кайрылып жатып, президенттин тиешелүү чечимин окуп берип, жаңы жетекчинин алдында турган негизги мамлекеттик милдеттерди белгиледи. Соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы Максат Асаналиевге маанилүү кызматында ийгиликтерди каалап, УКМКнын өздүк курамы өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өз милдеттерин ар-намыс менен жана жогорку кесипкөйлүк менен аткараарына ишенээрин билдирди.
УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.






