Алайда энеси менен 12 жаштагы кызын коюп кеткен кырсык катталды

Ош облусунун Алай районундагы Датка айыл аймагына караган Ташлак айылында аял киши энеси менен кызын коюп кеткен. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Буга чейин соцтармакта окуянын видеосу тараган. Андан автоунаа бурулуп келип, көчөдө ойноп жаткан балдарды койдуруп кеткенин көрүүгө болот. Төрт баланын жабыркаганы айтылган.

Милиция кырсык 21-июнь күнү кечинде болгонун билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, Audi айдап бараткан 46 жаштагы И.А. Фуркат айылынын 35 жаштагы Т.Н. аттуу тургунун жана анын 12 жаштагы кызын коюп кеткен.