УКМК Сокулук районундагы 20 гектар жерди мамлекетке кайтарды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылындагы аянты 20 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө, жерди пайдалануу укугу жөнүндөгү мамлекеттик акттын негизинде белгисиз тараптардын колдонуусунда болуп келген жер тилкеси аныкталган. Бул учурда аталган жер Сокулук айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик айыл чарба жерлеринин фондуна таандык болгон.

УКМК белгилегендей, 1992-жылдан бери бул жер тилкеси мамлекеттик каттоонун базасында эсепте турган эмес жана аны пайдалангандыгы үчүн ижара акысы төлөнбөгөн. Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жалпы аянты 20 гектарды түзгөн жер үлүштөрү мамлекеттин балансына кайтарылды.

Атайын кызмат бул жер тилкесин так кимдер пайдаланып келгенин жана мамлекетке канча көлөмдө зыян келтирилиши мүмкүн экендигин тактап айткан жок.